BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Башкы кабарлар
“Эми мени ким ата дейт?” 103 жакынын жоготкон газалык атанын көз жашы
Газанын тургуну Ахмад аль-Гуферинин үйүнө бомба түшүп, апасы, аялы, үч чиедей кызы жана ондогон жакындары курман болду.
Навальныйды киллерге алмашуу планы болгон: cаясатчынын өлүмүнөн кийин ачыкка чыккан жагдай
Алексей Навальныйдын өлүмү анын жакында эркиндикке чыгышы менен байланыштуу деп саясатчынын үзөңгүлөштөрү айтууда. Батыштын бир нече маалымат каражаттары өз булактарына таянып, Навальныйды алмашуу боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр тууралуу маалыматты жарыялады.
Украинадагы согуш: орус аскери Starlink колдонгону тууралуу маалымат эмнеден кабар берет?
Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгы орус аскерлери оккупацияланган аймактарда Starlink спутниктик интернет кызматын колдонгону тууралуу маалыматы бар экенин айтты. Украин чалгын кызматтарынын маалыматына караганда, Орусия араб өлкөлөрүнөн жабдууларды сатып алышы мүмкүн.
Кадр жана билимдин жетишсиздиги. Төрөтканадагы үч өлүмдүн себеби айтылды
Төрөтканада каза болгон үч аялдын өлүмү боюнча жаңы жагдайлар ачыкталууда. Саламаттык сактоо министрлигинин медициналык жардам уюштуруу жана дары саясат башкармалыгы ар бир окуя боюнча текшерүүдөн кийинки маалыматты Би-Би-Сиге берди.
Кырк жыл мурун башка жүрөк салдырган. Гиннес рекорду жаңырды
Нидерландиялык 57 жаштагы Берт Янссен трансплантацияланган жүрөк менен эң узак жашаган адам деп Гиннестин рекорддор китебине катталды. Ал жүрөгүн кырк жыл мурун алмаштырган.
Кыргызстан биринчи боор алмаштыруу операциясына даярбы?
Кыргызстанда биринчи жолу боорду алмаштыруу боюнча операцияларды ишке ашырууга даярдык кызып калганда, бул ишти тездетүүгө жардам берүү жана көзөмөлгө алуу максатында Жогорку Кеңеште жумушчу топ түзүлдү.
Аннексияланган Севастополдун экс-губернатору Лондондо бошотулду. Анын британ паспорту бар болуп чыкты
Лондондогу Саутуарк районунун королдук соту мурунку орус аткаминерин - Дмитрий Овсянниковду күрөө менен бошотту. Ал Орусия аннекциялап алган Крымда 2016-2019 жылдары Севастополдо губернатор болуп иштечү.
340 млн доллар уттум деп төбөсү көккө жеткен киши сотко кайрылды
Джекпоттон 340 млн доллар уттум деп ойлогон Вашингтондун жашоочусу Джон Чикс, жеңүүчү катары жарыяланган билеттин номери менен анын лоторея номери дал келип калганын - жаңылыштык деп ырастаган Powerball менен DC Lottery’ни сотко берди.
HIMARS чабуулунан ондогон орус аскери курман болушу мүмкүн
Донецк областынын оккупацияланган аймагында орус армиясынын машыктыруучу борборуна Украина ракеталык чабуул жасаганын Би-Би-Сиге бир нече булак ырастады. Би-Би-Синин орус кызматы полигондо чогулган кеминде алтымыштай орус аскери курман болду деген божомолун билдирүүдө.
Алты ай өрт өчпөй: Казакстанда 700 миң унаанын зыянына барабар газ текке кеткенби?
Өткөн жылы Казакстандын аймагында газ кениндеги тешиктен метан газы айлап чыгып, текке кеткен. Атайын иликтөөдөн кийин BBC Verify ушундай жыйынтыкка келди.
Автобизнес: Орусиянын жаңы токтому ишкерлерди куру жалак калтырабы?
Орусия ушу жылдын 1-апрелинен тарта Кыргызстан менен Казакстандан келген автоунааларды ташып киргизүүнү чектейт. Бул тууралуу 2-февралда Алматыда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында маалым болгонун Экономика министрлиги Би-Би-Сиге билдирди. Бул транспорт катары кирип чыгууга тиешеси жок.
"Өтүнөм, азамды, ачуумду бөлүшүңүз": Юлия Навальная тууралуу эмнелерди билебиз?
Алексей менен Юлия экөө тең 22 жаш курагында Туркияда эс алып жүргөндө таанышышыкан. Захар Прилепинге курган эски маектеринин биринде Алексей "Эсимде, ал алгачкы кездешүүбүздө эле ал мени таң калтырган. Акжуумал, сулуу, анысы аз келгенсип министрлердин баарын фамилясынан билет экен" деген.
Редактордун тандоосу
2024: Дүйнөгө таасир эте турган шайлоолор
2024-жыл шайлоолорго бай жыл болот. Трамп, Путин, Байден баш болгон дүйнөлүк саясатчылар шайлоого аттанып, электен өтө турган жыл. Анткени дүйнөдөгү ири жана кубаттуу өлкөлөрдө шайлоолор өтөт. Тагыраак айтканда, шайлоолор өткөрүлчү 80ге жакын өлкөдө дүйнөдөгү калктын жарымынан көбү жашайт.
Дүйнөлүк сооданы солк эттирчү Кызыл деңиз
“Кызыл деңиздеги соңку жагдай дүйнөлүк сооданы солк эттирет” деп Байден баштаган бир катар дүйнөлүк лидерлер билдирүү жасады. Бул чындап эле ошондой.
Мээдеги чип: Илон Маск оюндагысын орундаттыбы?
Миллиардер Илон Маск анын Neuralink компаниясы биринчи жолу адамдын мээсине чипти ийгиликтүү киргизгенин жазып чыкты. Имплантацияланган аппараттын алгачкы натыйжалары перспективдүү экендигин: нерв импульстарын жакшы аныктарын көрсөттү.
Би-Би-Синин 100 Айым долбоору 2023: быйыл тизмеге кимдер кирди?
Би-Би-Си 2023-жылдагы дүйнөнүн эң таасирдүү жана шыктандырган 100 айымынын тизмесин жарыялады.
Ракка каршы күрөшкөн айым: эмчек өзүмдүкүндөй болуп калды десе, төбөм көккө жетти
Биз, сизге “ракты жеңдим”,- деген ишмер аялдын окуясын толугу менен баяндап беребиз. Сыртынан караган киши рак илдетине кабылган, анын запкысын тарткан деп оюна да келбейт. Абдан шайдоот, улам бир ишке, улам бир чакырууга ашыккан эле ишмер. Ал жетимиш жаштагы Шайыр Сагынбаева. Өзүнүн уул-кыздарынан башка эле ондогон адамдар бул айымга “Шайыр апам” деп кайрылат экен.
АКШ менен Кытай аскердик кызматташуусун жандандырууну макулдашты
Шаршемби күнү Калифорнияда Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен чанда өтчү жолугушуудан кийин Жо Байден: "Биз түз, ачык, так мамилелерге кайтып келдик" деди.
Израил-Газа согушу: сандар жана фактылар
Израилдеги бир айдан бери болуп жаткан согуштун сандык эсептерин карап көрөлү.
Кыздар өлүмүнүн кайгысы израилдик жана палестиналык аталарды бириктирди
Палестиналык мусулман Бассам Арамин менен израилдик жөөт Рами Элханан экөө тең өз аймагында болгон зордук-зомбулукта кыздарынан айрылышты. Бирок алар өч алуунун ордуна, тынчтыкты, ынтымакты бекемдеген достук жолун тандашты.
Кыргызстан
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.